1. Белгилүү бир жер, өлкө, аймак. Берекелүү Ала-Тоо Жергемден салам айтамын (Үмөталиев). Бактылуу элдин жергеси, Менин сүйгөн республикам (Үмөталиев). || Конуш, турак-жай. Жергеси короо, жети бак, Кандай хандын ордосу («Сейтек»). Конушу шибер көпкөк чөп, Келишкен экен жергеси (Токтогул). 2. Эл-журт, ага-тууган, айыл-апа. Нусканы өзүң үчүн кылба, жергең үчүн кыл (Жантөшев). Желикпегин Канчоро, Жергеге эсен жетелик («Сейтек»). Тобуңдан кетсем аман бол, Толгон кыргыз жергеси (Токтогул). || Белгилүү бир чөйрөдөгү адамдар, айлана-тегеректегилер. Жергеси чарчап болгону, Алты күн тартып толгоону («Семетей»).
Өлгөн адамдын кийим-кечесин чечиндирип көмгөнгө чейин коё турган ордуна жайгаштыруу (боз үйгө же башка жайга). Өлүктү жерге алып койгондон кийин, өлүк каадасы кылып жакындары жоктой баштады («Ала-Тоо»). В.: Чийге алып коюу. Өлүктү чийге алып коюптур.
Өлгөн адамдын кийим-кечесин чечиндирип көмгөнгө чейин коё турган ордуна жайгаштыруу (боз үйгө же башка жайга). Өлүктү жерге алып койгондон кийин, өлүк каадасы кылып жакындары жоктой баштады («Ала-Тоо»).
к. ЖЕР-СУУГА БАТПОО
Калпа ажынын билермандарынын көзүнчө көтөрө чалганына Бошкой жерге батпай калды (Бейшеналиев). Сабыр чоң атасынын мактаганына жерге батпай кетти (Жусупов).
Көмүү, сөөктү жерге коюу. Түш оогондо Чорону жерге беришти (Айтматов). Далай баласын жерге берип, жүрөгү калган энеде жан жок (Укаев). В.: Жерге жайгаштыруу. Жолонду жерге жашыргандан бери төрт күн өттү (Жоошбаев).
Кыйып кетпөө, эстен чыгарбоо, айтылган сөздү же өтүнүчтү унутуп койбой орундатуу. Ошол эл-жер жөрөлгөсүн жерге калтырбай эмки жаштар силер, айыл даңкын чыгарып жатасыңар (Жусупов). Досуң сени эч качан жерге калтырбайт. В.: Жерге таштабоо. Ал силерди эч качан жерге таштабайт, – деп Алымкул да толкундана сүйлөдү (Абдукаримов).
Кыйып кетпөө, эстен чыгарбоо, унутуп койбоо. Ошол эл-жер жөрөлгөсүн жерге калтырбай эмки жаштар силер, айыл даңкын чыгарып жатасыңар (Жусупов). Досуң сени эч качан жерге калтырбайт («Ленинчил жаш»).
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! - деп, эжем мени уруша баштады («Ленинчил жаш»), Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, - деп апасынын каргап-шилеген сөздөру улагына даана угулду (Мырзаев).
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! – деп, эжем мени уруша баштады. Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, – деп апасынын каргап-шилеген сөздөрү кулагына даана угулду (Мырзаев). Айтканымды азыр бил, Малың менен жерге кир! («Эр Төштүк»).
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов).
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов). Атамдын кеңешин жерге калтырбай тил алдым (Абдукаримов).
Айткан сөздү же өтүнүчтү орундатуу, унутпоо. Ал силерди эч качан жерге таштабайт,– деп Алымкул да толкундана сүйлөдү (Абдукаримов). Атамдын кеңешин жерге калтырбай тил алдым (Абдукаримов).
1. к. ЖЕРГЕ-СУУГА ТИЙГИЗБӨӨ 2. Эч нерсе калтырбоо, тез эле алып кетүү. Алар алма какты тим эле жерге тийгизбей талап кетет (Абакиров). Жерге тийгизбей алат.
1. к. жерге-сууга тийгизбөө. 2. Эч нерсе калтырбоо, тез эле алып кетүү. Алар алма какты тим эле жерге тийгизбей талап кетет (Абакиров). Жерге тийгизбей алат.
Бир нерсени жек көргөндүктү, кабыл албагандыкты билдирүүчү сөз. Анын бул кылыгын кайнатасы угаары менен жерге түкүрдү (Ашымбаев). Орозбайдын бул жоругуна таңыркаган эл жерге түкүрүп, толкуп токтогон (Өгөбаев).
Көбүнчө бир нерсени жактырбагандай, жек көргөндөй мааниде таңыркоо, таң калуу. Анын бул кылыгын кайнатасы угаары менен жерге түкүрдү (Ашымбаев). Орозбайдын бул жоругуна таңыркаган эл жерге түкүрүп, толкуя токтогон (Өгөбаев).